Бишкекте кайгуул кызматы адашып кеткен баланы таап беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамасында 102 кызматына "Азиз" базарынын ичинен бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган Ж.Г. аттуу аял базардын ичинен 11 жаштагы баласын издеп жаткандыгын айткан.
Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде бала табылып, ата-энесине сак-саламат өткөрүп берилген. Өз кезегинде баланын апасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.