Орусиянын Хабаровск шаарындагы №76 мектептин директору 1-сентябрдагы салтанатта мугалимдин бийлеген чыгыш бийинен кийин иштен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу аталган шаардын билим берүү башкармалыгы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Директордун арызы иликтөө аяктаган соң жана мектеп мугалимдери менен ата-энелердин чогулушунан кийин кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Интернет тармагында желдей тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан мугалимдин бийи тууралуу окуя 1-сентябрь күнү Билим күнүнө арналган салтанатта орун алган. Анда мектептин хореография мугалими ата-энелер жана окуучулардын алдында ачык кийим менен чыгыш бийин бийлеп чыккан. Мугалимдин бул жоругу интернет айдыңына тарап, көпчүлүк нааразы пикирин жазышкан.
Көп өтпөй мугалим бул аракети үчүн көпчүлүктөн кечирим сураган.