Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аткезчилик жол менен ташылган 11 тоннадан ашык айыл чарба продукциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин эле баасы 800 миң сомго жакын тиешелүү коштоочу документтери жок 11 тоннадан ашык айыл чарба продукциясы аныкталды.
"Аткезчилик жол менен ташылган жүктөр жана транспорт каражаттары бажы көзөмөл органдарына өткөрүп берилди. УКМК мамлекеттик чек арада аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда. Ошол эле учурда алдын алуу иш-чараларынын алкагында товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча, айыл чарба продукцияларын мыйзамсыз ташып келүүгө жол бербөө үчүн жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүүдө", - дешет мекемеден.