Ооганстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин сүрөттөрү интернет желелерине жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жарыяланган сүрөттөрдөн кыздар менен балдардын ортосуна көшөгө тартылган бир бөлмөдө билим алып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы айтылган. "Талибан" кыймылы мындай аракеттерди кыздарга коопсуз билим алуу чөйрөсүн түзүп берүүнү көздөп жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.