КМШ оюндары: Самбо боюнча мелдеште кыргыз кыздары 2 коло медаль жеңип алышты

Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында самбо боюнча балбан кыздарыбыз Канышай Аманкулова менен Элла Мусаева коло медалдын ээси болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча малекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Канышай Аманкулова 50 килограмм салмак ченинде, ал эми Элла Мусаева 80 килограмм салмак чен бирлигинде килемге чыгып, жеңишке жетишкен.

Өлкөнүн самбо боюнча улуттук курама командасы аталган спорттук иш-чарага машыктыруучу Анара Жумалиеванын жетекчилиги астында барышкан.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан