Орусияда бала бакчанын тарбиячысы беш жашар баланы скотч менен байлап салган (видео)

Орусиянын Одинцово шаарындагы бала бакчанын тарбиячысы беш жашар баланы колу-бутун скотч менен байлап салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тарбиячынын аракеттери видеобайкоого түшүп калган. Андан баланын качууга аракет кылганын жана тарбиячы баланы бооруна кысып, колу-бутун скотч менен байлап жатканын көрүүгө болот.

Кийин видеону баланын ата-энеси көрүп, укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок милиция кызматкерлери тарбиячынын аракетинен кылмыштын белгилери байкалбагандыгын билдирип, бул ишти административдик укук бузуу бөлүмүнө которгон.

Бул окуядан кийин тарбиячыга өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө уруксат берилген. Бирок жабыркаган баланын апасы уулуна карата жасалган мындай жоруктан кийин тарбиячынын жазасыз калуусун каалаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-09-08 06:13:04
Баласы да тойгозсо керек да тыпырчылап ар нерсени чукулап.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан