Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында мекендешибиз Арсланбек Турдубеков спорттун 2 башка түрүнөн 2 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбаны аталган мелдеште күрөш спортунан күмүш медаль, ал эми бел боо күрөшүнөн коло медаль жеңип алууга жетишкен.
Белгилей кетсек, Арсланбек Турдубеков КМШ оюндарында катары менен 2 медаль уткан 3-спортчу болуп саналат. Буга чейин Нурманбет Раймалы уулу дагы 1 алтын, 1 коло жеңип алса, Баяман Мыктыбеков 1 күмүш, 1 коло байгени камсыздаган.
Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.