"Боордош элдин жардамы абдан маанилүү жана зарыл". Түркия Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз негизде 150 миң доза вакцина берет

Түркия Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы 150 миң доза Sinovac вакцинасын кайтарымсыз негизде берет. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 7-сентябрда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргыз жергесиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуу учурунда Түркия Республикасынын элчиси Ахмет Садык Доган мырза Түркия гранттык негизде Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин билдирди.
"Түрк өкмөтү Кыргыз мамлекетине COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле биздин жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүүдө. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнөбүз. Ал эми Түркия өкмөтүнүн иммунизациялоо үчүн вакциналарды өткөрүп берүү жана коронавируска каршы күрөшүүдө калктын ден соолугун чыңдоо чечими биз үчүн жакшы жаңылык. Боордош түрк элине жана Түркиянын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Вакцинанын ар бир дозасы - бир адамдын өмүрүн сактап калат. Жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн боордош түрк элинин жардамы абдан маанилүү жана зарыл", - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан