2 күндөн бери социалдык тармакта талкууга алынган Баткендин Лейлек районундагы жалпы дарыгердик практикалык борбордун психонаркология бөлүмүнүн имаратынын акыбалы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирүү жасашты.
"2021-жылдын республикалык бюджетинин “Капиталдык салымдар” беренесинен каржылануучу курулуш иштерин баштоо үчүн республикалык бюджеттен каржылоону талап кылган мекемелердин тизмеси түзүлүп, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, Экономика жана финансы министрлигине жөнөтүлгөн (2020-жылдын 29-декабрында №03-1/2-15299). Бирок 2021-жылы Лейлек районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун психонаркология бөлүмү тизмеге киргизилген эмес.
Ушуга байланыштуу курулуш иштерин талап кылган объект 2022-жылдын тизмеси түзүлгөндө караларын билдиребиз", - дешет мекемеден.
Бүгүнкү күндө психонаркология бөлүмү 20 даана керебет (психиатриялык оорулар үчүн 18, наркологиялык оорулар үчүн 2 керебет) менен иштеп жатат.
"2018-жылы жалпысынан 301 миң 570 сомго психонаркология бөлүмүнүн бардык терезелери пластик терезелерге алмаштырылган. 2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон жок.
2021-жылы психонаркология бөлүмүнүн имаратынын чатырын алмаштыруу 898 миң 240 сомго толук бүтүп, матрастары жана жууркандары толугу менен жаңы берилди. Керебеттер менен камсыздоо жана трансформатор орнотуу 2021-жылдын сентябрь айында бүткөрүлөт.
Ошону менен бирге бул бөлүмдө бейтаптардын дарылануусуна өз убагында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тийиштүү жумуштарды алып барбагандыгы үчүн борбордун жетекчилигине административдик чара көрүлөрүн белгилейбиз", - деп кошумчалашты министрликтен.
Буга чейин социалдык тармакта Лейлек районундагы оорукана деген сүрөттөр талкуу жараткан. Сүрөттө көрүнгөндөй, имарат качан оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн билүү кыйын. Анда полдун, керебеттин эскилиги жеткенин, бейтап эне абалы мышык ыйлагыдай керебетте отурганын
көрүүгө болот.
Кийинчерээк аталган оорукананын директору
Алимкул Абдиев психонаркологиялык бөлүмдүн чатырын алмаштыруу иштери жүрүп жатканын
билдирген.