Биз социалдык тармакта

10 жылдан ашык эмгектенген мугалимдерге миллион сом берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңеш 10 жылдан ашуун убакыт иштеген мугалимдерге миллион сом төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Жогорку Кеңештин маалыматы боюнча, мыйзам долбоордун демилгечилери Абдывахап Нурбаев жана Жанар Акаев.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоордо республикалык жана эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуларды даярдаган мугалимдерге 3 айдын маянасын, ал эми 10 жылдан ашуун убакыт эмгектенген агартуучуларга 1 миллион сом төлөп берүү каралган.

Министрлер кабинети сыйлык берүүнүн жол-жобосун аныктайт.

Кыргыз өлкөсүндө мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң 843 сомду түзөт. Мындан улам көпчүлүк агартуучулар кесибин алмаштырууга мажбур. Эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин турак жай маселесин чечүүгө жардам берет дешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-09-08 06:15:37
Болбойт мындай,хотя бы 20 жылдан ашык иштегендерге берилсе болгудай.Бирок,кыла турган иш толтура турса бул кок мээлердин ойлогону ушул!
-1
zhaynak
2021-09-08 07:21:55
Dembele84, мугалим болуп бир саат балдарга сабак отчу, анан кайра кирип комент жазасын.
0
uli1234
2021-09-08 11:19:09
Dembele84,жанындан толоп атат окшойсун
-1
Mister-XXX
2021-09-08 13:02:06
Казынабызда акча коп болсо мейли эле.Азыр казынада акча жок.Жанар менен Абдывахап мырза шайлоонун алдында элге жага турган мыйзамды сунуштап жаткан тура.Булар чонтогунон толомок беле?
Ар бир мектепте мугалимдердин 90 проценти он жылдан ашык иштеген.Мугалимдердин айлыгын жогорулатсын андан көрө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан