Оюнчулардын тобу менен сүрөткө түшүп... Садыр Жапаровдун футбол оюнуна күйөрмандык кылган учурунан сүрөт баян

Бангладеш курама командасы менен Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курамасынын беттеши өтүп, ага президент Садыр Жапаров колдоо үчүн стадионго барды.
Оюн "Үч улут Кубогу" эл аралык турниринин акыркы турунун алкагында өттү. Турнирге үч курама катышып (Кыргыз өлкөсү, Палестина, Бангладеш), алар өз ара бир айлампа ойношту.
Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курамасы Бангладештин командасын "Үч улут Кубогунда" 4-1 эсебинде утту.
Оюн бүткөн соң мамлекет башчы спортчуларды ишенимдүү жеңиши менен куттуктоо үчүн Кыргыз курамасы эс алган бөлмөгө кирди. Ал бул беттеште команда татыктуу жана кызыктуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.
Президент Садыр Жапаров күйөрмандарына жагымдуу эмоцияларды тартуулаганы үчүн футболчуларга, машыктыруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтты.
Ал өлкөнүн улуттук курамасы мындан ары да ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишип, өз жеңиштери менен кыргыз элин кубантуусуна тилектештигин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-09-08 07:45:35
Садырдан бекер киши жок да озу, кыялдары орундалат.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан