Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев укук коргоо органдары тарапташтарын аңдууга ала баштаганын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Айтымында, буга абактагы атасынын туулган күнүн белгилөө иш-чарасы себеп болууда.
"Коркконго кош көрүнөт болбогула! Айланайын эл-журт, эми биз өз атабыздын туулган күнүн өткөрүүгө да укугубуз жокпу?!
17-сентябрь күнү камакта жаткан атам Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү, 65 жашын белгилейли деген жакшы үмүт менен турабыз. Ага болбой эле укук коргоо органдары биздин тарапташтарды аңдууга ала баштады.
Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына сотко чакыра баштады. Атам камакта жатса да биз жыл сайын туулган күнүн белгилеп эле жүрөбүз. Андан эмнеге саясат издеп жатышат түшүнбөй турам?! Мен өз атамдын туулган күнүн тарапташтары менен бирге белгилеп, аны үй камагына чыгарып дарылоо керектигин айтууга укугум да, акым да бар! Аны эч ким тыя албайт! Кой-Таш айылында 17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин 65 жашы белгиленет", - деген билдирүүсүн калтырган ал.