Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы жаңы ооган өкмөтүнүн курамын жарыялады. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Ооганстан Ислам Эмиратынын Жогорку лидери жана мамлекет башчысы - Хайбатулла Ахундзада;
Премьер-министр - Мохаммад Хасан Ахунд;
Анын биринчи орун басары Абдул-Гани Барадар;
Премьер-министрдин экинчи орун басары Абдул-Салам Ханафи;
Коргоо министри - Мохаммад Якуб;
Ички иштер министри - Саражуддин Хаккани;
Тышкы иштер министри - Амир Хан Мутаки;
Каржы министри - Хедаятулла Бадри;
Экономика министри - Мохаммад Ханиф;
Бул убактылуу өкмөт болуп саналат.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.