Индонезияда абактан өрт чыгып, 40 адам каза болду

Индонезияда абактан өрт чыгып, 40 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Юстиция жана адам укутары министрлигинин түрмө департаментинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-сентябрь таңга маал Индонезиянын Бантен провинциясындагы абактан өрт чыккан.

"122 кишиге ылайыкталган блокто баңгизатка байланыштуу кылмышка шектүүлөр бар болчу. Алардын арасынан 40 адам каза таап, 73 адам жеңил жаракат алган. Өрт толугу менен өчүрүлүп, абактагылар эвакуацияланды. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз, бирок электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болушу мүмкүн.

Каргашалуу окуянын чоо-жайын тактоо үчүн тыкыр иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-09-09 00:26:55
Ушул жакта бир кыргыз кыз бар эле подстава менен тушкон тынч экенби деги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан