Беларусь өлкөсүндө 22 жаштагы репер Евгений Петров "Лукашенко, кет!" аттуу ыры үчүн соттолууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын август айында Беларусь өлкөсүндөгү массалык нааразычылык акцияларынан улам репер "Лукашенко, кет!" аттуу ырын жазган.
Коопсуздук күчтөрү жана эксперттер ырды "мазактоочу" деп табышкан. Ал эми репер ырда эч кандай мазактоо жок экенин жана өлкөдөгү окуялардан улам таасирленип жазганын айткан.
"Өлкөдө шайлоо учурунда президенттикке талапкерлердин катталбаганы, активисттердин, саясатчылардын, блогерлердин камалышы жана башка окуялар мени абдан тынчсыздандырды", - деген репер.
Учурда репердин иши жабык эшик артында каралууда. Ал 4 жылга чейин эркинен ажыратылып, чоң айыпка жыгылышы мүмкүн. Ошол эле учурда ырды таркаткандыгы үчүн дагы бир Беларусь жараны 1 жылга камалган.