Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкек шаарында Палестина жана Бангладеш курамалары менен биргеликте өткөн "Үч улут Кубогун жеңип алды.
"Ак шумкарлар" 2-сентябрда Палестинаны 1:0 эсеби менен жеңсе, кечээ, 7-сентябрда Бангладешти 4:1 эсебинде жеңип, 6 упай топтоп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.
Экинчи орунга Палестина курамасы 3 упай менен жайгашса, үчүнчүгө Бангладеш курама командасы жайгашты.