"Адамдардын шалаакы мамилесинен келип чыккан". Кеминде токой өрттөнүп жатат

Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан.

"Тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү өчүрүү үчүн ӨКМнын куткаруучулары күн-түн дебей күрөшүп жатышат. Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө. Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору.

Мындай шартта өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөңүздөрдү өтүнөбүз. Дал ушундай этиятсыздыктан келип чыккан өрт жакында эле Түркия мамлекетине эбегейсиз чоң чыгым алып келип, ондогон адам каза таап, миңдеген гектар токойду жок кылды. Табиятты, токойлорду сактоо жана коргоо баарыбыздын милдетибиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан