"Кыргыз көмүр" ишканасына жаңы директор дайындалды

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишанасынын директору болуп Мирлан Жакыпов дайындалды. Бул тууралуу "Кыргыз көмүрдүн" басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Мирлан Жакыповду жамаатка энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды. Жамаат аны жакшы тилектерди айтып кабыл алышты. Эске сала кетсек, Мирлан Жакыпов бир ай мурун дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди", - деп жазылат билдирүүдө.

51 жаштагы Мирлан Жакыпов 2014-жылы ушул эле ишкананын директору болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан