Биз социалдык тармакта

Чүйдө 37 жаштагы Таалайбек Шаршеналиев дайынсыз болуп изделүүдө

Чүйдө 37 жаштагы Таалайбек Шаршеналиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүйдүн Аламүдүн РИИБине 40 жаштагы Ш.Г. аттуу аял киши арыз менен кайрылып, иниси Таалайбек Шаршеналиев дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Анда ал 12-август күнү саат 10:00 чамасында Арашан айылында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.

Кийип жүргөн кийимдери: спорттук свитер, спорттук шым.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып билсе, милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну жакындары өтүнөт.

Байланыш телефону: 0(312) 36-35-23, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(504) 77-22-77.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан