Биз социалдык тармакта

Ооганстан: Пакистандын истребителдери Панжшерде "Талибан" кыймылына жардам бергени айтылды

Пакистан Аба күчтөрүнүн жана атайын күчтөрдүн учактары Панжшерди басып алууда талибдерге аскердик колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Пакистандын Аба күчтөрүнө таандык төрт JF-7 истребители Панжшер провинциясындагы Ооганстандын улуттук Каршылык көрсөтүү фронтуна 20дан ашуун чабуул жасаган. Натыйжада каршылык көрсөтүү күчтөрү чоң жоготууларга учураган.

Панжшер провинциясында жергиликтүү тургундар тоону көздөй качышкан. Өз кезегинде "Талибан" кыймылы аларга кысым болбойт деп ишендирген.

Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан