Токмокто тоноо жана уурулук кылмыштарына шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында тоноо жана уурулук кылмыштарына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 6-сентябрь күнү Токмок ШИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда Токмок шаарындагы дүкөндөрдүн биринде белгисиз бирөө ага күч колдонуп, 12 миң сомдук телефонун тартып алганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип буга чейин соттолгон 1995-жылы туулган Ю.В. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран Токмок шаарынын аймагында уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" беренеси менен катталып, милиция кызматкерлери шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан