Бишкекте “Бөбөк ыры” аттуу республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат
Бишкекте 6-ноябрда “Бөбөк ыры”
аттуу республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонддун басма сөз
кызматы билдирди. Иш-чара “Роза
Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги жана Коомдук телерадиоберүү
корпорациясы тарабынан өткөрүлгөн. Сынак акын, композиторлордун арасында 2013-жылдын
февраль айында жарыяланган. Жарым жыл аралыгында өлкөбүздүн бардык аймактарында
жана Бишкек, Ош шаарларында өткөрүлдү. Жыйынтыгы 5- ноябрь
күнү саат 9дан 18ге чейин М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык
орто мектеп-интернатында каралат. Балдарга
арналган 50дөн ашык чыгармалардын ичинен
тандалып алынган мыкты чыгармалар 6-ноябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз
улуттук опера жана балет театрында саат 14тө салтанаттуу Гала-концертте жарыяланат. 7 дубандан бардыгы 100дөн ашуун акын-композиторлор, кенже курактагы аткаруучу
бөбөктөр, балдар ансамблдери, бала бакча ийримдери катышат.