Биз социалдык тармакта

Депутат Мадеминов ИИМдин өкүлүнө: "Кандай негизде менин телефонумду тыңшоону сунуштадыңар?"

Бүгүн, 8-сентябрда парламентте айрым депутаттардын телефонун тыңшоо боюнча маалымат угулуп жатат.

Депутат Мурадыл Мадеминов ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге бир канча суроолор менен кайрылды.

"Мага кандай кылмыш иши бар? 2020-жылы октябрь окуясында аянтта болгон эмесмин. Ким мени сунуштады? Ким кайрылган? Мен Жогорку Кеңештин депутатымын, кандай негизде менин телефонумду тыңшоону сунуштадыңар?", - деп сурады депутат.

Аширходжаев: "Кылмыш иши бар болсо билдирүү берилиши керек. Кылмыш ишинин алкагында телефон тыңшоого уруксат берилген. Ким сизди сунуштаганы боюнча расмий суроо-талап менен кайрылыңыз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-09-08 16:05:46
МВДда ушундай булар не кылып жатканын билбейт! Өздөрүнүн кылмышын жаап жашырышат анан бейкүнөө адамдарды камап коюп коркутушат! Айтып коеюн силерге да кудай бар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан