Ак Үйгө кайрадан шлагбаум коюлду. Бул боюнча Жогорку Кеңеш эмне дейт?

Ак Үйдүн күн батыш жагындагы кире беришине кайрадан шлагбаум коюлду. Шлагбаумдун коюлушу боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбековага байланышканыбызда, шлагбаум унаа токтотуучу жайды иретке келтирүү үчүн коюлгандыгын билдирди.

"Унаалар токтогон жайды иретке келтирүү максатында шлагбаум коюлду. Ал эми Ак Үйдүн башка тарабы, анын ичинде Панфилов көчөсү тарап ачык эле турат", - деди Индира Куралбекова.

Эске салсак, 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Infiniti075
2021-09-08 19:40:18
Карагылачы кандайгана кереиет тосмо койулуптур кудум улуу кытай чебиндей бекем))) кушдагы учуп ото албагыдай)) эми кантип митингчилер ак уйдун аллына барышат экен а??))) ( тамаша) тескерисин тушунобергиле)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан