5-ноябрь күнү Кыргызстанда жана дүйнөдө бир топ окуялар болуп өткөн.
*Мисалы, 1967-жылы Москвада «Останкино» телеборбору пайдаланууга берилген (46 жыл мурун). Кененирээк маалымат берсек, Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Останкино телевизиондук техникалык борбору бул- Москванын борборундагы телевизиондук жана радиоберүүлөрдүн, ошондой эле техникалык борбор болуп эсептелет. Телеборбор 1963-1967-жылдары Останкино мунарасы менен бир убакта курулган. Аталган борбордо убак-убагы менен өрт чыгып турган. Мисалы 2005-жылы 11-апрелде биринчи жана экинчи кабатта жайгашкан кабелдик коллектордон өрт чыгып, 2 телеканал жана бир нече радиостанция иштебей калган. Өрткө карабай Биринчи канал, “Россия” жана НТВ иштеп турган.
*1938-жылы (75 жыл мурун) Сталиндик репрессиялардын туу чокусунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган коомдук-саясий ишмерлер Иманаалы Айдарбеков жана Төрөкул Айтматов өлүм жазасына тартылышкан
*1961-жылы (52 жыл мурун) ЖКнын V чакырылышында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Эркин Алымбеков төрөлгөн.
*2008-жылы (5 жыл мурун) Барак Обама АКШнын президенттигине карата шайлоого Демократтар партиясынын жалгыз талапкери катары баруу боюнча добуш берүүдө жеңишке жетишкен. Толугу менен бул жакта...