Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 5-ноябрь күнү Болуш Мадазимовдун мааракесине карата концерт саат 17:00дө, чоң залда башталат. Кирүү акысыз. Эскерте кетсек, Болуш Мадазимов айтылуу залкар комузчу, актёр болгон. Залкар күүлөрдүн бүт жанрын чертип, комузда кол ойноткон. Бул комузчунун өзгөчөлүгү күүлөрдү өзгөчөлөнтө, бал тамган кайрыктар менен коштоп черткенинде болгон. Болочоктогу шайыр 1927-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы азыркы Кызыл-Чек айылында жарык дүйнөгө келген. Болуш Мадазимовдун өзү тартылган 10 чакты тасма бар. Өзү черткен күүлөрүн архивге калтырып кеткен. Залкар комузчу 2001-жылы каза болгон. Афиша толугу менен бул жакта...