Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан маалымдашкандай, сүйлөшүүлөр 1-7-сентябрь аралыгында Тажикстандын Исфара шаарында орун алды.
"Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, топографиялык жумушчу топтордун протоколуна кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз өлкөсүнүн аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп белгилешти маалымат кызматынан.