Ош облусунун Жаңы-Талаа айылында сарай жана андагы 5 миң түк чөп күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт 7-сентябрда катталган.
"Жаңы-Талаа айылында жалпы аянты 275 чарчы метр болгон сарай жана 5000 түк чөп толугу менен күйдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү унаа жана 9 куткаруучу тартылып, 8-сентябрга караган түнү саат 01:55те чектөөгө алынып, бүгүн саат 12:50дө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок", - дешти мекемеден.