Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында Инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, аталган борбордо 7 жаштагы жүрөк кемтиги бар балага биринчи акысыз операция жасалды.
Мекемеде эки бөлүм бар - кардиохирургиялык операция бөлүмү жана жандандыруу бөлүмү. Адистер бир жылда 50гө чейин операция жасоону пландап жатышат.
Эске салсак, ушул жылдын 19-мартында президент Садыр Жапаров "Ден соолук" комплексинде болуп, калктын сапаттуу медициналык кызмат алышы үчүн ыкчам тартипте капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырган.