"Орусия, Кытай, Түркия...". Ооган өкмөтүнүн жаңы курамынын инаугурациясына бир канча мамлекеттин өкүлдөрү чакырылды

Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясы 11-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу ишенимдүү булактардын маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, инаугурация аземине 6 өлкөнүн өкүлдөрү чакырылды. Алар Орусия, Кытай, Катар, Түркия, Пакистан, Иран.

Ошондой эле Ооганстандын өкмөт башчысы Абдул Гани Барадар дагы бир канча мамлекеттин делегациясын инаугурацияга чакыруу үчүн Катар өлкөсүнө учуп кеткен.

Буга чейин "Талибан" кыймылы жаңы өкмөттүн курамын жарыялаганы кабарланган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан