Казакстандын Темиртау шаарынын сотуна экс-жубайлар баш кошкондо бири-бирине берген сеп жана калыңды кайтарып алуу үчүн доо арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Алгач сотко доо арыз менен келин кайрылган. Анда ал турмушка чыгып жатканда ата-энеси тарабынан берилген септи мурдагы жолдошу кайтарып берүүсүн талап кылган. Андан көп өтпөй мурдагы жолдошу үйлөнгөндө жубайына берилген калыңды кайтарып берүү өтүнүчү менен сотко арыз жазган.
"Сотто бул сыяктуу иштер сейрек кездешет. Ошондуктан мындай талаштарды чечүүнүн бирдиктүү практикасы жок. Мындан улам бул кайрылуу эки тарапты тең канааттандыра тургандай жол менен чечилди. Соттун чечимине ылайык, жолдошу мурдагы жубайына септи кайтарып берүүсү милдеттендирилди. Ал эми келин мурдагы жолдошуна калыңдын жарым баасын төлөп бериши керек", - деп жазылат маалыматта.