Ырчы Анжелика чыгармачылыктагы кесиптеши Мирбек Иманбековдун саламаттыгына байланыштуу анын жакындары менен жолугушту. Алар дарыланууну чет өлкөдө жүргүзүү боюнча ниеттерди коюп жатканын ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Биз сыйлаган, бир тууганыбыздай болуп калган Мирбек Иманбековдун эжеси жана карындашы менен жолугуштук. Алдыга жакшы ниеттерди койдук. Буюрса, Түркия мамлекетине документтерди жиберсек, ырчынын ден соолугунда жакшы жылыштар болот деген ниеттебиз. Бардык чыгармачыл инсандарды Мирбек Иманбековдун жакындары менен байланышып коюуга чакырам. Жакынкы күндөрү жакшы кабар менен Мирбекке жолугуп, жанында болобуз", - деди ал.
Буга чейин Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатканы ырчынын жубайы Бурул айым тарабынан белгилүү болгон. Анда ал жолдошу үчүн дуба кылып коюуну суранган. Кийинчерээк ырчынын өзү менен байланышканыбызда ашказаны ооруп, ооруканага кайрылганы маалым болгон.