"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоорун депутаттар колдоду.
Буга чейин "Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтом долбоору каралды.