Алып баруучу Алексей Филатов оор абалда ооруканага бир канча күн мурун жаткырылды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, Филатов коронавирус менен ооруп, оор абалда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Менин окуучум, теле алып баруучу Алексей Филатов коронавирус менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы өтө оор. Баарыңыздардан анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууну суранам. Лёша эң сонун адам. Кудайдан ага аман калуу үчүн күч-кубат берүүсүн суранам. Кудай дубаларыбызды уксун", - деп жазган Молдокматова.