Бүгүн, 9-сентябрда футбол боюнча 23 жашка чейинки Кыргыз курама командасы Бангладеш курама командасы менен ойнойт.
Оюн жолдоштук беттеш катары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
7-сентябрда "Үч улут Кубогунун" алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Бангладешти 4:1 эсебинде жеңип алган.