Биз социалдык тармакта

Чүйдө 2013-жылдан бери Камчыбек Сеитов дайынсыз болуп изделүүдө

Чүй облусунда Камчыбек Сеитов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Сеитов 1985-жылы туулган. Ал 2013-жылы 27-июлда Аламүдүн районундагы Полицейский городок жаңы конушунда жашаган жеринен чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Бою 170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.

Кийген кийимдери: Футболка, көк түстөгү жынсы шым.

Сүрөттөгү жаранды көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0(700) 92-00-52, 0(990) 09-11-02.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан