Талас облусунда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү саат 21:41 чамасында Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.
Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 22:00дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда.