10-сентябрь күнү Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышат.
Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.