АКШ Ооганстанда бийликти колго алган талибдерди эл аралык коомчулукта кадыр-баркы жок деп эсептейт. Бул тууралуу Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псакиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Бул администрацияда президент дагы, улуттук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлер дагы талибдерди дүйнөлүк коомчулуктун кадырлуу мүчөлөрү деп эсептебейт. Алар буга татыктуу эмес жана биз бул өкмөттү тааный турганыбызды жарыялаган жокпуз", - деп билдирген маалымат жыйында Жен Псаки.
Ошондой эле Псаки жаңы ооган өкмөтү убактылуу министрлер кабинети экенин, анын курамы "Талибан" кыймылынын мурунку жана азыркы мүчөлөрүнөн турарын кошумчалаган.
Ал белгилегендей, АКШ келечекте талибдердин аракеттерин көзөмөлдөйт жана кандайдыр бир чечимдерди кабыл алат. Биринчи кезекте Ооганстандан өз жарандарын кайтарып алуу иши каралышы керектигин айткан.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Жо Байден Кытай, Орусия, Пакистан жана Иран Ооганстанда бийликке келген талибдер менен келишим түзүүгө умтулуп жатканын маалымдаган.