Фейсбук компаниясы WhatsApp мессенжеринин колдонуучуларынын жеке маалыматтарын окуп жатканы аныкталды

Фейсбук компаниясы WhatsApp мессенжериндеги миңдеген колдонуучулардын жеке маалыматтарын окуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу ProPublica уюму өз изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган учурда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Фейсбук компаниясы колдонуучулардын жеке жазышууларын текшерүү үчүн дүйнө боюнча миңдеген адамды жалдаган. Ошондой эле алар маалыматтарды тиешелүү укук коргоо органдарына да өткөрүп берип турарын айтып чыккан.

Ал эми Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг буга чейин WhatsApp мессенжериндеги маалыматтар көрүнбөй турганын билдирген.

Компания кылмышка жол ача турган маалыматтарды, ошондой эле колдонуучулар арызданган учурда гана жеке маалыматтарды окуй турганын моюнуна алган.

WhatsApp'тын мурдагы кызматкерлери кандайдыр бир маалыматтын үстүнөн даттанган колдонуучу ал маалыматтарды коддолбогон түрдө жөнөтөрүн, алардын ичинде сүрөт, видеолор да болорун айтышты. Мындан улам кызматкерлер жеке эле ал маалыматтарды эмес, колдонуучунун телефон номерин, телефон кубатынын канча калганынан бери көрө алышарын жана бир кызматкер бир күндө 600гө жакын арызды карап, жеке маалыматты көзөмөлдөн өткөрөрүн кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-09-09 13:38:52
Пипец экенго булар. Эми сырдаша да албай калабызбы?
+1
Kamchy-bek
2021-09-09 16:22:19
Ошону эми билиптирби,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан