УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов "Кумтөр" иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 9-сентябрь күнү райондук сот Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди", - деп жазылат маалыматта.
2015-жылы Жогорку Кеңешке келген Исхак Пирматов мандатын 28-майда өз каалоосу менен тапшырган.