Бишкекте курал-жарак жана ок-дарылар катылган жай табылды

Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонууга багытталып, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу зат, 7,62 миллиметр калибрдеги ок-дарылар жана "ПМ" маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан