Өзбекстан Ооганстандагы түзүлгөн жаңы өкмөттү колдоп, кызматташууга даяр экенин билдирди

Өзбекстан Ооганстандагы “Талибан” кыймылы түзгөн жаңы өкмөттү колдойт жана улуттар аралык ынтымакты орнотууга ишеним артат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билирүүсүнө таянып өзбек басылмалары жазып чыгышты.

“Бул чечим өлкөдө тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн башталышы болот деп үмүттөнөбүз. Өзбекстан убактылуу Ооганстан өкмөтүнүн түзүлгөндүгүн колдойт жана биз ооган бийлигинин жаңы мамлекеттик органдары менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө, өз ара кызматташууга даяр экендигибизди билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин "Талибан" кыймылы жаңы ооган өкмөтүнүн курамын жарыялаган. Ошондой эле Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясы 11-сентябрда белгиленери айтылган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан