Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат.
Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз өлкөсүнүн Венгриядагы элчилигин уюштуруу.
Ал эми министрлер кабинетине:
- Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү.