Бишкекте токтоп турган унааны чийип алып, окуя болгон жерден кетип калган айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Honda UR-V үлгүсүндөгү унаа ордунан жылып жатып, жанында токтоп турган Porsche Cayenne үлгүсүндөгү унаанын арткы жагын чийип, материалдык чыгым келтирип, андан ары кетип калган.
"Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кетип калган унаанын айдоочусун таап, жол кырсыгын жасагандыгы жана ошол жерден кетип калгандыгы үчүн 2 протокол түзгөн. Ал эми качып кеткен 1961-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу өзүнүн түшүнүк катында коркуп кетип калгандыгын түшүндүрүп, күнөөсүн толук моюнуна аларын билдирген. Азыркы учурда Porsche Cayenne үлгүсүндөгү унааны оңдоп берүүдө", - деп жазылат маалыматта.