Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи Казакстандын президентине Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирген. Ошондой эле Дастан Дүйшекеев өз ишинде эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана ар тараптуу мамилелердин негизинде эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын белгилеген.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсү менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Мындан тышкары Казакстандын президенти 2022-жылдын башында Бишкекке баруу ниети бар экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан