КМШ оюндары: Уларбек Абдиев тай бокс боюнча коло медалга ээ болду

Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында мекендешибиз Уларбек Абдиев тай бокс боюнча коло медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мелдеште Уларбек Абдиев 57 килограмм салмак ченинде күч сынашкан.

Муну менен Кыргыз өлкөсү медалдардын саны боюнча түзүлгөн рейтингде 6-орунда келүүдө. Улуттук курама команданын эсебинде азырынча 2 алтын, 10 күмүш жана 24 коло менен жалпы 36 медаль бар.

Ал эми алгачкы катарда Орусия, андан соң Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Армения жана Молдова жайгашкан.

Эске салсак, бул күндөрү Казань шаарында биринчи жолу өтүп жаткан "КМШ оюндары" аталышындагы спорттук иш-чаралар өтүүдө. Ага шериктеш мамлекеттердин курамына кирген 9 өлкө катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан