Чүй облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 70 адамга көп функционалдуу майыптар арабасы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, майыптар арабасы "Катар-Черити" кайрымдуулук фонду жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте тапшырылган.
"Министрлик калктын социалдык аярлуу катмарына, айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдиктерди жана колдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн түздөн-түз жооп берет. Бул жагынан биздин өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү. "Катар-Черити" кайрымдуулук фонду биздин негизги жана эң маанилүү өнөктөштөрүбүздүн бири. Бул фонддун жардамы менен Кыргыз өлкөсүндө 29 баланын угуу жөндөмү калыбына келтирилип, жүрөк оорусу менен ооруган 50 балага операция жасалды. "Катар-Черити" кайрымдуулук фонду Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүп жатат жана бул үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз ", - дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев.