Чили өлкөсүндө футболдук мелдеш учурунда иттин оюн талаасына чуркап чыгып, гол киргизген видеосу социалдык тармактарда жарыяланууда.
Видеодон көрүнгөндөй, спортчулардын бири топту дарбазаны көздөй тепкен. Бул учурда топ чуркап бара жаткан иттин далысына тийип дарбазага кирген.
Ал эми көрүүчүлөр иттин мындай көңүл жылытарлык аракетине кол чаап, аны мындан аркы оюндарда командадан көрүү жагымдуу болорун билдиришкен.