Сокулукта жер тилкесин алып берем деп убада кылып Land Rover Discovery унаасын алган бойдон из жашырган шектүү аял кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш адамдар 2019-жылдын август айында анын ишенимине кирип, Сокулук районунун Ново-Павловка айылынан жер тилкесин алып берүүнү убада кылып, арыз ээсинин Land Rover Discovery үлгүсүндөгү унаасын алып, ошол боюнча убада кылган жер тилкени алып бербей из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы кылмышка шектелип 60 жаштагы Д.Г. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кармалган аялдын дагы ушул сыяктуу үч кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Белгилеп кетүүчү жагдай, 2020-жылдын август айында ал 10 кылмыш фактысына шектүү катары кармалып, тиешелүү териштирүү иштери аяктап, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Кимде-ким шектүү аялдан жабыркаган болсо төмөндөгү телефон номерлерге чалса болот.

Байланыш телефону: 0(708) 14-88-70, 0(508) 27-88-66.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан